Түркиядан Гаитиге көңүл айтылды

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

1747584
Түркиядан Гаитиге көңүл айтылды

Түркия Гаитиде күйүүчү май ташыган жүк ташуучу унаанын жарылуусунан каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кап-Хаитиен шаарында күйүүчү май ташыган танкердин жарылышынын натыйжасында 50дөн ашуун кишинин каза болгондугу кайгыруу менен белгилүү болду.

Билдирүүдө, «Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, Гаити элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз»,делди.

Гаитинин Кап-Гайтиен шаарында күйүүчү май ташыган жүк ташуучу унаанын жарылышынын натыйжасында алгачкы аныктамаларга караганда жакын жердеги 50дөн ашуун киши каза болуп, ондогон жарадар ооруканага жеткирилди.



Тектеш кабарлар