Октай тажикстандык министрди кабыл алды

Президенттик комплекстеги кабыл алууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге баа берилди.

1748113
Октай тажикстандык министрди кабыл алды

Вице-президент Фуат Октай Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабирди жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Президенттик комплекстеги кабыл алууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге баа берилди.

Октай өлкөнүн соода жана экономикалык карым-катнаштарын мындан ары өнүктүрүүнүн аймак үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Кабир да Түркияда болгондугунан улам кубанычта экенин билдирди.



Тектеш кабарлар