Жыл башынан бери 2631 террорист жок кылынды
Акар Батманда билдирүү жасады.
![Жыл башынан бери 2631 террорист жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/aa22/578c/0f55/61b8a37d5e6a6.jpg?time=1719058442)
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, быйыл жыл башынан бери жок кылынган террористтердин саны 2631ге жеткенин айтты.
Акар Батмандагы билдирүүсүндө, түрк аскерлеринин бир тараптан чек ара коопсуздугу жана террор менен күрөшүү, экинчи тараптан деңизде жана абада милдеттерин ийгиликтүү аткарганын белгиледи.
Министр Акар: «Терроризмге каршы операцияларыбыз уланууда. 2015-жылдын 24-июлунан тарта өлкөдө, Ирак жана Сириянын түндүгүндө 33 миң 112 террорист жок кылынды. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери жок кылынган террористтердин саны 2 миң 631ге жетти. Бул учурда террордук уюмдагы таркоону көрүп жатабыз. Биздин күрөшүбүз акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719058443)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.