Чавушоглу эртең Ливанга барат
Министр Чавушоглунун Ливандын тышкы иштер министри Шербил Вехбе менен жолугушуусунан тышкары Ливандын президенти Мишель Авн, парламент спикери Небих Берри жана премьер-министр Нежип Микати тарабынан кабыл алынышы күтүлүүдө.
1733900
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эртең Ливанга барат.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, Чавушоглунун иш сапарынын алкагында өткөрө турган сүйлөшүүлөр жана жолугушууларда Ливан менен эки тараптуу карым-катнаштардын ар түрдүү тармактарда дагы да өнүктүрүлүшү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдардын жана эл аралык маселелердин талкуулана турганы кабарланды.
Министр Чавушоглунун иш сапары убагында Ливандын тышкы иштер министри Шербил Вехбе менен жолугушуусунан тышкары Ливандын президенти Мишель Авн, парламент спикери Небих Берри жана премьер-министр Нежип Микати тарабынан кабыл алынышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.