Беларусь каттамдарына үч өлкөнүн жүргүнчүлөрү киргизилбейт

Түрк аба жолдору Ирак, Йемен жана Сирия жараны болгон жүргүнчүлөргө билет сатпайт.

1733108
Беларусь каттамдарына үч өлкөнүн жүргүнчүлөрү киргизилбейт

Беларустагы мигранттар кризисинен улам Түрк аба жолдору (THY) Ирак, Йемен жана Сирия жараны болгон жүргүнчүлөргө билет сатпайт.

Авиакомпаниянын бул тартипти кечээ Түркия убактысы боюнча саат 18.30да баштаганы белгилүү болду.

THYден алынган маалыматка караганда, Ирак, Йемен жана Сириядан келип Белоруссияга бара турчу жүргүнчүлөр учууга кабыл алынбайт.

Мындан тышкары Беларуста жашаган Ирак, Сирия жана Йемен жарандары тиешелүү тартипке киргизилип, каттамдарга дипломатиялык паспорту бар жүргүнчүлөр гана кабыл алынат.

Бул учурда Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Түркиянын Беларустун учууларына байланыштуу чечими үчүн Твиттер баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө, түрк бийлигине жана жарандык авиация башкы директорлугуна колдоо жана кызматташтыгынан улам ыраазычылык айтты. 



Тектеш кабарлар