Эрдоган Түркия ишкерлер жолугушуусу саммитине видео кайрылуу жолдоду

Коньяда Түркия ишкерлер жолугушуусу саммити болду.

1728679
Эрдоган Түркия ишкерлер жолугушуусу саммитине видео кайрылуу жолдоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган Батыш өлкөлөрүнүн калкынын картайа баштаганын белгилеп, Түркиянын жаштардан алган күч-кубаттын негизинде келечегине үмүт менен караган бир жерде турганын айтты.

Президент Эрдоган Демилгечи ишкерлер фонду (GİV) менен Түркия жаштар фонду (TÜGVA) тарабынан Коньяда уюштурулган Түркия ишкерлер жолугушуусу саммитине видео кайрылуу жолдоду.

Саммиттин; ишкерлерге, экономикага жана Түркияга ийгилик алып келишин каалаган Эрдоган: «Демилгечилик сыйлыктарына татыктуу деп табылган ишкерлерибизди куттуктайм. Быйыл идеядан ишкердикке чейин деген тема менен саммитке өз пикирлери, баа берүүлөрү, билимдери жана өнүмдөрү менен салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирем»,-деди.

Президент Эрдоган ишкердүүлүктүн улуттун өзгөчөлүгү экенин белгилеп: «Биз керектүү инфраструктураны, билимди жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылганда улутубуздун ар бир мүчөсү ишкердикте жана инновацияда жогорку жемиштүү боло алганын билебиз»,- деди.

Жашыл өнүгүү төңкөрүшү менен жар салган жаңы көз карашын калыптандырууда коомчулуктан жеке секторго чейин ар кимдин абдан маанилүү ролу бар экенин баса белгилеген Эрдоган: «Ушул алкакта өзгөчө жаштарыбыздан чоң колдоо күтөбүз. Батыш өлкөлөрүнүн калкы картайа баштаган, Чыгышта билим берүү жана инфраструктура көйгөйлөрү дагы эле чечилбей жаткан чакта биздин өлкө Түркия жаштардан алган күч-кубаттын негизинде келечегине үмүт менен караган бир жерде турат. Башыбыздан өткөн ар бир тажрыйба, ар бир кыйынчылык өлкөбүздүн максатына жетүү үчүн чечкиндүүлүгүн бекемдейт. Анадолудагы биринчи мамлекетибиз болгон Селжуктардын борбор шаары Коньяда өткөрүлгөн Түркия ишкерлер жолугушуусу саммити баарыбызды улуу жана күчтүү Түркияны курууга шыктандырат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар