Эрдоган UID жетекчилерине кайрылды
Эрдоган, биримдикте жана тилектештикте жүргүзүлгөн бул иштердин жыйынтыктарынын абдан өндүрүмдүү жана пайдалуу болооруна ишенгенин баса белгиледи.
![Эрдоган UID жетекчилерине кайрылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7ba3/3097/09fb/6165799c51b47.jpg?time=1718787678)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Нидерландиянын Гаага шаарындагы элчиликтин резиденциясындагы Эл аралык Демократтар Биримдигинин (UID) жетекчилерине кайрылды.
Катышуучуларга телефон байланышы аркылуу кайрылган Эрдоган, биримдикте жана тилектештикте жүргүзүлгөн бул иштердин жыйынтыктарынын абдан өндүрүмдүү жана пайдалуу болооруна ишенгенин баса белгиледи.
Эрдоган: «Ушундан улам сиздерди куттуктаймын. Мындай жыйынды биздин өлкөдөн миңдеген километр алыстыкта өткөргөнүңүз үчүн сиздерге өзүмдүн, улутумдун, (Адилеттүүлүк жана Өнүгүү) партиямдын атынан ыраазычылык билдирем жана ийгиликтериңиздин уланышын каалайм»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718787679)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.