Сойлу: «Жаз-жай операцияларында 127 террорист таасирсиз кылынды»

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу борбор шаар Анкарада террор менен күрөшүүгө байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1715830
Сойлу: «Жаз-жай операцияларында 127 террорист таасирсиз кылынды»

Террор менен күрөшүүнүн алкагында жаз-жай операцияларында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 127 террорист таасирсиз кылынды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу борбор шаар Анкарада "Жандармерия жана Жээк коопсуздук академиясы 2021-2022 окуу жылынын ачылыш аземинде" сүйлөгөн сөзүндө террор менен күрөшүүгө байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Террор менен күрөшүүдө чоң ийгиликке жетишилгенин баса белгилеп операцияларда 127 террористтин таасирсиз кылынганын эске салган Сойлу: «Алдыбызда күзгү-кышкы операция бар. Эгерде биз мындай ылдамдыкта бара турган болсок, балким дагы бир күзгү-жайкы операцияны жүргүзөбүз, кийинкисине муктаждык болобу билбейм», деди.

Миграция башкаруусунун да маанилүү коопсуздук аймактарынын бири экенин түшүндүргөн Сойлу стратегиянын үзгүлтүксүз миграцияны башкаруу жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү түшүнүгүнө негизделгенин айтты.

Министр Сойлу 2016-жылдан бери 2 миллион 349 миң 931 кишинин Түркияга кире электе чек арада тосулганын билдирди.



Тектеш кабарлар