Чавушоглу: «Африкага колдоо көрсөтүүнү улантабыз»

Чавушоглу борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Африка Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Мусса Факи Махамат менен министрликте жолугушту.

1712890
Чавушоглу: «Африкага колдоо көрсөтүүнү улантабыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия катары Африка Биримдигине жана Африка өлкөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын айтты.

Чавушоглу борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Африка Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Мусса Факи Махамат менен министрликте жолугушту.

Жолугушуудан кийин министр Чавушоглу менен Махамат биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Чавушоглу бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөргөндөрүн айтып: «Түркия жана Африка Биримдиги менен болгон карым-катнаштарыбызга баа бердик. Африкадагы кырдаалды жана аймактык маселелерди да талкууладык»,-деди.

Түркия-Африка Биримдиги өнөктөштүк саммитинин 17-18-декабрда өткөрүлүшү күн тартибинде экенин билдирген Чавушоглу: «Биз бул саммиттин абдан ийгиликтүү өтүшүн каалайбыз. Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын так тапшырмасы бар; бардык саммиттерден ийгиликтүү болушу керек. Биз ийгиликтүү өтүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз. 3-Түркия-Африка Экономика жана иш форуму 21-22-октябрда Стамбулда өтөт»,-деди.

Министр Чавушоглу Африкага коронавирус вакцинасын бере тургандарын билдирип: «Биз көптөгөн тармактарда конкреттүү кадамдарды таштоону улантабыз. Түркия катары Африка Биримдигине жана Африка өлкөлөрүнө болгон колдообузду улантабыз. Түрк Кеңеши катары Африка Биримдигине кирген өлкөлөргө да вакциналык колдоо көрсөтөбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар