Байрактар TB2ге кызыгуу артууда
Селчук Байрактар Аксарайда билдирүү жасады.
«Байкар» технология лидери жана Түркия технологиялар курамасы фондунун (T3 Фонду) Камкорчулар Кеңешинин төрагасы Селчук Байрактар, куралдуу учкучсуз учуучу аппарат Bayraktar TB2нин дүйнөнүн бардык тарабынан чоң кызыгуу тартып жатканын айтты.
Селчук Байрактар, TEKNOFEST авиация, космос жана технология фестивалынын алкагында Туз көлүндө өткөрүлгөн ракета жарыштарын көрүү үчүн келген Аксарайда билдирүү жасады.
«Байкар» тарабынан иштелип чыккан учкучсуз учуучу аппараттар тууралуу маалымат берген Байрактар: «Учкучсуз башкаруучу аппараттарыбызга дүйнө жүзүнөн чоң кызыгуу бар. Өзгөчө (Сирия) Идлиб жана Азербайжандагы Карабах операцияларынан кийин бул кызыгуу артты»,-деди.
Bayraktar TB2 үчүн "Биз кээде талаптарга жетишпей жатабыз" деп айткан Байрактар: «Ушунун негизинде Байкар кирешелеринин 70 пайыздан ашыгын экспорттон табууда. Буга чейин 10дон ашык келишим түзүлгөн. Алардын айрымдарынын экспорту да ишке ашты»,-деп билдирди.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.