Измирде 166 мыйзамсыз мигрант куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.
![Измирде 166 мыйзамсыз мигрант куткарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e22c/0dce/1741/612f29c6dcc45.jpg?time=1719068968)
Измирде грек элементтери тарабынан ар кайсы убакта Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 166 мыйзамсыз мигрант куткарылды.
Сеферихисар районунун жээгинде резина кайыкта мыйзамсыз мигранттар бар деген маалымат боюнча Жээк коопсуздугу командирлигинин кызматкерлери аймакка жөнөтүлдү.
Грек элементтери тарабынан Түркиянын сууларына түртүлгөн 53 мыйзамсыз мигрант куткарылды.
Дикилинин жээктеринде да 41 мыйзамсыз мигрантты жана резина кайыктарынын жүрбөй калышынан улам жардам сурап кайрылган 36 мыйзамсыз мигрантты куткарышты.
Чешме районунун жээктеринде болсо грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөнү аныкталган 36 качкын жээкке чыгарылды.
Мыйзамсыз мигранттар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719068969)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.