Президент Эрдоган Черногорияда
Эрдоган Босния-Герцеговинага сапарынан кийин (бүгүн) Черногорияга барды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Черногорияда ...
(Кечээ) Босния-Герцеговинага сапарынан кийин (бүгүн) Черногорияга барган Эрдоганды Подгорица аэропортунда Черногориянын вице-премьер-министри Дритан Абазович, Черногориянын Анкарадагы элчиси Периса Кастратович, Мамлекеттик протоколдун башчысы Симеон Раонич, Президенттин атайын кеңешчиси Миодраг Радович жана Түркиянын Подгорицадагы элчиси Сонгүл Озан менен элчиликтин кызматкерлери тосуп алышты.
Черногориянын президенти Мило Жукановичтин чакыруусу менен өткөрүлгөн иш сапарында Эрдоганды жубайы Эмине Эрдоган, соода министри Мехмет Муш, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да коштоп жүрөт.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.