Ибрахим Калын чуулгандуу футболкаларга каршылык көрсөттү

Калын социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1694962
Ибрахим Калын чуулгандуу футболкаларга каршылык көрсөттү
tisort kabil.jpg

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) бир компания чыгарган учактан кулап түшкөн афгандыктарды шылдың кылган футболкаларга катуу каршылык көрсөттү.

Калын социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Афганистандан качууга аракет кылып жатканда жармашкан учактын канатынан кулап түшкөн адамдарды мазактаган америкалык фирманын футболка дизайнын сынга алды.

Ибрахим Калын, «Кабул Skydiving Club» деген жазуусу бар футболкалар үчүн: «Башкалардын алсыздыгынан жана азабынан ырахат алуу жана аны соода кылуу бул азыркы жапайычылык»,- деди.



Тектеш кабарлар