Шырнакта «Эрен-13» операциясы
Дагы 3 террорист таасирсиз кылынды.
1692584
![Шырнакта «Эрен-13» операциясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c124/b0c3/e8ea/611b806d21dc1.jpeg?time=1718438678)
Шырнакта «Эрен-13» операциясынын алкагында 3 террорист таасирсиз кылынды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта, Шырнак-Борбордук районундагы Жуди Тоосу Тушимия аймагында Шырнактын Жандармерия аймактык командирлигинин координациясында, аба күчтөрүнүн колдоосу менен жикчил уюмдун 3 мүчөсүнүн таасирсиз кылынганы кабарланды.
Билдирүүдө аймакта операциялардын уланып жатканы баса белгиленди.