Түркия-Судан карым-катнаштары

Октай борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн "Түркия-Судан ишкерлеринин тар чөйрөдөгү" жыйында сөз сүйлөдү.

1690670
Түркия-Судан карым-катнаштары
Abdulfettah el-Burhan.jpeg

Вице-президент Фуат Октай: «Суданда биринчи кезекте 100 миң гектар башкача айтканда 1 миллион акр айыл чарба жерлери өлкөбүз тарабынан иштетүүгө бөлүндү», - деди.

Октай борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Судан Республикасынын Эгемендик Кеңешинин төрагасы генерал Абдулфеттах аль-Бурхан да катышкан "Түркия-Судан ишкерлеринин тар чөйрөдөгү" жыйында сөз сүйлөдү.

Судандын өнүгүүсүнө болгон колдоонун улана турганын айткан Октай: «Судан 1 миллион акр айыл чарба жерлерин иштетүү үчүн Түркияга бөлүп берди», деди.

Аль-Бурхан да Түркия менен Судандын учурдагы соода көлөмүнүн жакында 2 миллиард долларга жеткирилээрин айтты.

Судандын өнүккөн дүйнө өлкөлөрүнүн арасында татыктуу абалга жетүү үчүн өткөөл мезгилде экенин айткан аль-Бурхан, бул процессте колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Аль-Бурхан: «Түркия биз үчүн абдан маанилүү. Кандайдыр бир өлкө эмес, жол башчы өлкө. Чоң тажрыйбага ээ өлкө. Көптөгөн тармактарда, айыл чарбасында жана башка тармактарда өнүккөн өлкө. Биз бул мүмкүнчүлүктөрдөн жана тажрыйбалардан пайда көргүбүз келет»,-деди.



Тектеш кабарлар