Түркияда эмдөө ылдам жүрүп жатат

Министр Кожа Твиттерден маалымат берди.

1660981
Түркияда эмдөө ылдам жүрүп жатат

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа акыркы 24 саатта коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүүнүн алкагында 1 миллион 538 миң 144 доза вакцина сайылганын билдирди.

Министр Кожа кечээ Твиттердеги билдирүүсүндө: «Саат 00.00гө чейин сайылган вакциналардын саны 1 миллион 538 миң 144 дозаны түздү. Эмдөө жамаатыбыздын 24 саат бою эң көп колдонгон сөзү «кийинки» деген сөз болду. Ушунча нерсени бир нече сөз менен түшүндүрсө болобу?» деп жазды.


Этикеткалар: #доза вакцина

Тектеш кабарлар