Түркиядан Судандагы эритреялык качкындарга жардам

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) Хартумдагы координатору Билал Өзден маалымат берди.

1630214
Түркиядан Судандагы эритреялык качкындарга жардам

Түркия Рамазан айынан улам Судандын чыгышындагы лагерде жашаган миң эритреялыкка жалпы 20 тонна азык-түлүк жардамын берди.

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) Хартумдагы координатору Билал Өзден, экономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан Судандагы качкындар жүгүн жеңилдетүү үчүн Рамазан азык-түлүк жардамдарынын бир бөлүгүнүн, Ethar жана WeDCO сыяктуу жардам уюмдарынын кызматташтыгында эритреялык качкындар жашаган Элгирба лагерине жеткирилгендигин билдирди.

Өзден, эритреялык миң качкынга 20 килограммдан азык-түлүк пакетин бергендерин айтты.



Тектеш кабарлар