Түркиянын калкынын 27,2 пайызы балдар

Түркия статистикалык мекемеси 2020-жылга карата балдардын статистикасын жарыялады.

1624899
Түркиянын калкынын 27,2 пайызы балдар

Түркияда балдардын саны өткөн жылдын аягында 22 миллион 750 миң 657 деп катталды.

Түркия статистикалык мекемеси 2020-жылга карата балдардын статистикасын жарыялады.

Адреске негизделген Эл каттоо тутумунун жыйынтыктарына ылайык, өткөн жылдын аягында Түркиянын жалпы калкынын саны 83 миллион 614 миң 362 адамды түзсө, балдардын саны 22 миллион 750 миң 657 деп катталды.

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө 27 мамлекеттеги балдардын саны иликтенгенде, 2020-жылы балдардын саны ЕБнин орточо көрсөткүчү 18,2 пайызды түздү.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин арасында балдардын саны эң көп болгон өлкөлөрдүн катарына 24,2 пайыз менен Ирландия, 21,6 пайыз менен Франция жана 21,1 пайыз менен Швеция кирди.

Балдардын саны эң аз болгон өлкөлөр 15,8 пайыз менен Италия, 15,9 пайыз менен Мальта жана 16,4 пайыз менен Германия турат.

Түркияда балдардын саны 27,2 пайыз менен Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө караганда жогору экени аныкталды.

Ал арада, Түркияда жаңы төрөлгөн ымыркайларга коюлган эң популярдуу эркек ысымдар өткөн жылы Юсуф, Эймен жана Мустафа, эң популярдуу кыздардын ысымдары Зейнеп, Асел жана Элиф болду.

Мындан тышкары, 0-17 жашка чейинки эркек балдар үчүн эң көп коюлган ысымдар Юсуф, Мустафа жана Демир, ал эми кыздар үчүн Зейнеп, Элиф жана Түлин деп белгиленди.



Тектеш кабарлар