Октай менен Шентоптун Рамазан айына карата билдирүүсү

Октай Рамазан айына карата билдирүү таратты.

1620216
Октай менен Шентоптун Рамазан айына карата билдирүүсү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Рамазан айына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Шентоп, социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Кайрадан жаралууга, рухубузду тазалап тынчтанууга жардам берген он бир айдын султаны, Куран айы Рамазан-и Шарифке жетүүнүн кубанычын көрүп жатабыз. Аллахтан ушул куттуу күндөрдүн өлкөбүзгө жана бүткүл Ислам дүйнөсүнө, адамзатка береке жана жакшылыктарды алып келүүсүн каалайм»,-деди.

Вице-президент Фуат Октай да Рамазан айына карата билдирүү таратты.

Октай, социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Тилектештиктин жана бөлүшүүнүн айы болгон Рамазандын улутубузга жана бүткүл Ислам дүйнөсүнө береке алып келүүсүн каалайм. Раббим, туткан орозолорубузду, дубаларыбызды жана ибадаттарыбызды кабыл кылсын, майрамга жетүүнү насип кылсын»,-деди.



Тектеш кабарлар