Сииртте шейит
Террордук уюмдун мүчөлөрү менен болгон атышууда, аймактын Жандармерия командачылыгынан адис сержант оор жаракат алган.
![Сииртте шейит](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/48f4/3975/2a42/6049f4cd151aa.jpg?time=1719045985)
Сиирттеги Эрен-6 операциясы аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтер менен болгон кагылышууда оор жаракат алган адис сержант жеткирилген ооруканада шейит болду.
Губернаторлуктун билдирүүсүнө караганда, жикчил террордук уюм ПККга каршы райондун элет жеринде «Эрен-6 шейит жандармерия сержанты Желал Өзжан операциясы» жүргүзүлдү.
Террордук уюмдун мүчөлөрү менен болгон атышууда, аймактын Жандармерия командачылыгынан адис сержант оор жаракат алды.
Жаракат алган жоокер тик учак менен жеткирилген Сиирт билим берүү жана изилдөө ооруканасында бардык аракеттерге карабастан шейит болду.
Аймакта террористтерге каршы операция улантылууда.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719045986)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.