ПККнын куралдары колго түшүрүлдү
Азезде жүргүзгөн операцияда танк канкору деп билинген 2 TOW ракетасы, 24 Калашников, 1 снайпер мылтыгы, 200 учуруучу капсулнын колго түшүрүлгөндүгү билдирилди.
ПКК жикчил террордук уюмунун Сириядагы уландысы PYD / YPGнын Сириянын түндүгүндөгү кол салууларда колдонуу үчүн Манбижге алып барууга аракет кылган көп сандаган курал-жарак жана бомба материалдары колго түшүрүлдү.
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Коопсуздук боюнча башкы директорлуктун чалгындоо башкармалыгы жана терроризмге каршы күрөшүү мекемесинин башкармалыгынын координациясында Сирия ыкчам тобу менен Азезде жүргүзгөн операцияда танк канкору деп билинген 2 TOW ракетасы, 24 Калашников, 1 снайпер мылтыгы, 200 учуруучу капсулнын колго түшүрүлгөндүгүн билдирип, TOW ракеталарынын Сириянын түндүгүн террордон тазалоо максатында аймактагы түрк куралдуу күчтөрүнө карата көп колдонулгандыгы эске салынды.
Операцияда сириялык 2 кишинин кармалгандыгы, шектүүлөрдүн биринчи тергөөсүндө «материалдарды ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмуна жеткирүү учурунда кармалгандарын» билдиришкендери белгиленди.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да операцияны жүргүзгөн коопсуздук күчтөрүн социалдык медиа эсебинен куттуктады.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.