Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 146 киши көз жумду.

1607888
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 146 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 30 миң 462 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 221 миң 738 тест жасалып, 1142 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 29 миң 762 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 17 миң 761 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 881 миң 643кө жогорулады.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа: "BioNTech вакцинасы биздин өлкөгө өткөн жумада 5 миң 800 дозада текшерүү үчүн келген. Кечээ биз болжол менен 750 миң доза вакцина алдык",- деди.
Министр Кожа коопсуздук тесттери жасалган вакциналар эмки жумада кезеги келген жарандарга колдонуларын айтты.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар