Терроризмге каршы күрөшүү конференциясы Шентоптун төрагалыгы астында өтөт

Конференция Антальяда 24-25-март күндөрү болот.

1606625
Терроризмге каршы күрөшүү конференциясы Шентоптун төрагалыгы астында өтөт

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, "Терроризмге каршы күрөш жана Аймактык байланышты чыңдоо боюнча Парламент төрагаларынын төртүнчү конференциясына" жетекчилик кылат.

Алынган маалыматка караганда, конференция Антальяда 24-25-март күндөрү өтөт.

Конференцияга Ооганстандын Элдик Мажлисинин төрагасы Мир Рахман Рахмани, Пакистандын Улуттук Мажлисинин төрагасы Асад Кайзер, Ирактын Өкүлдөр палатасынын Коопсуздук жана коргоо комитетинин төрагасы Мухаммад Рида Аль Хайдар жеке өздөрү; ал эми Кытай Эл Республикасынын Улуттук Элдик курултайынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаншу, Иран Ислам Консультативдик Кеңешинин тышкы иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Можтаба Зонури, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Леонид Слуцкий болсо онлайн режиминде катышат.

Конференциянын ачылышына Иран Ислам Консультативдик Кеңешинин төрагасы Мухаммед Бакир Галибаф дагы видео кайрылуу жөнөтөт.

Жыйында Түркияны Парламенттин төрагалык кеңешинин мүчөлөрү, адистештирилген комиссиялардын төрагасы жана төраганын орун басарлары, Парламенттик ассамблеялардын карамагындагы түрк делегацияларынын башчылары, парламенттер аралык достук тобунун төрагалары менен эл өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн жана парламенттин спикери Шентоп жетектеген делегация өкүлдүк кылат.

Шентоп конференциянын ачылыш сөзүн сүйлөйт жана ачылыш сессиясын башкарат.



Тектеш кабарлар