Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат
Акыркы 24 саатта вирустан 73 киши көз жумду.
1603349
![Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/db6c/8ac6/0721/60524c37c999b.jpg?time=1719098389)
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 73 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 29 миң 696 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 167 миң 526 тест жасалып, 869 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 18 миң 912 болду.
Ооруканадан айыгып чыккан 17 миң 161 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 752 миң 23кө жогорулады.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719098390)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.