Мевлүт Чавушоглу Азербайжанга барат

Сапардын жүрүшүндө Түркия-Азербайжан-Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 9-жыйыны болот.

1585588
Мевлүт Чавушоглу Азербайжанга барат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 18-19-февраль күндөрү Азербайжанга барат.

Жолугушуулардын алкагында Түркия-Азербайжан-Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 9-жыйыны да өткөрүлөт.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 18-19-февраль күндөрү Бакуда тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушат жана президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынат.

Сапардын жүрүшүндө Грузиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Дэвид Залкалианинин да катышуусунда Түркия-Азербайжан-Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 9-жыйыны болот.

Министр Чавушоглу Грузиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Сүйлөшүүлөрдө, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштар жана аймактык маселелерге байланыштуу акыркы кырдаал менен стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн таштала турчу кадамдар каралат.



Тектеш кабарлар