Индонезиядан түрк учкучсуз аба аппараттарына мактоо

Индонезиянын башкы штабынын төрагасы Хади Тхахжанто Азербайжан  - Армения  согушунун жеңишинин белгилөөчүсү түрк учкучсуз аба аппараттарын мактады.

1584811
Индонезиядан түрк учкучсуз аба аппараттарына мактоо

Индонезиянын башкы штабынын төрагасы Хади Тхахжанто Азербайжан  - Армения  согушунун жеңишинин белгилөөчүсү түрк учкучсуз аба аппараттарын мактады.

Хади Тхахжанто 2021 -  жылы Индонезия Улуттук Армиясынын лидерлик жыйынындагы билдирүүсүндө Индонезия армиясынын да заманбап аскердик консептинде учкучсуз аба аппараттарынын  иштелип чыгышына көңүл бурула башташы керектигин белгиледи.

Хади Тхахжанто мындай коргоо каражаттарынын арзан жана оңой колдонулушу менен бирге жөндөмдүүлүктөрүнүн маанисин баса белгиледи.

Учкучсуз коргонуу каражаттарынын колдонулушу жана армиянын согуштук системага интеграцияланышы үчүн ыкчам концепцияларды иштеп чыгуу керектигин белгилеген Хади Тхахжанто Натуна, Посо жана Папуа сыяктуу аймактардагы операциялар үчүн орточо бийиктикте узун убакыт абада болуу жөндөмдүүлүгүнө ээ учкучсуз аба аппараттарына муктаждыктын бар экендигин айтты.

Хади Тхахжанто ала турган бул унаалардын операцияларга карата чалгындоо, байкоо жана буталарды аныктоо жөндөмдүүлүктөрүнүн болушу керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар