Нигериядан куткарылган деңизчилер Түркияда...

Мекенине кайтып келген деңизчилер Стамбул аэропортунда үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, сагынычтарын жазышты.

1583044
Нигериядан куткарылган деңизчилер Түркияда...

Нигериянын деңизинде «Моцарт» кемесинен уурдалган 15 деңизчи куткарылып Түрк аба жолдорунун (THY) учагы менен Түркияга алынып келинди.

Мекенине кайтып келген деңизчилер Стамбул аэропортунда үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, сагынычтарын жазышты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да деңизчилерди аэропорттон тосуп алды.

Уурдалган деңизчилердин бири Доган Жан Женгил үйүнө кайтып келгенине абдан кубанычта экендигин айтып,«Бизде оор жана жаман күндөр болду. Биз ар дайым биздин мамлекеттин жана биздин компаниянын колдоосун сезип жаттык. Биз бул жерге эч кандай чоң зыян келтирилбестен келе алдык»,-деди.

Либериянын желеги илинген «Моцарт» кемеси 23-январда Нигериянын Лагос жээгинен 180 чакырым алыстыкта ​​деңиз каракчыларынын кол салуусуна кабылган.

Лагостон Түштүк Африканын Кейптаун шаарына бараткан кемедеги 19 экипаж мүчөсүнүн бири өлтүрүлүп, 15и уурдалган.

Кемеге жашынган 3 түрк деңизчиси тинтүүдөн аман-эсен өтүп, кеме 3 экипажы менен Габондун Порт-Жентил портуна багыт алган. Алар 30-январда Түркияга алынып келинген.

Уурдалган экипаждын 15 мүчөсү бир күн мурун бошотулган.



Тектеш кабарлар