Түркияда эмдөөнүн экинчи баскычы башталды

Ушул убакка чейин 3 миллиондой адам Ковид-19га каршы эмдөөдөн өттү.

1581603
Түркияда эмдөөнүн экинчи баскычы башталды

Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөө иштери үзгүлтүксүз уланып жатат.

Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында 14-январда вакцинанын биринчи дозасын алган саламаттыкты сактоо кызматкерлерине бүгүн экинчи дозасы берилүүдө.

Ушул убакка чейин 3 миллиондой адам Ковид-19га каршы эмдөөдөн өттү.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа: «Максат – калкыбыздын жок дегенде 60 пайызынын эмдөөдөн өтүшүн камсыз кылуу» деп айтып, вакцинанын вируска каршы эң чоң курал экендигин билдирген эле.

Пландалган эмдөө графигине ылайык, 70 жаштан жогорку курактагы жарандарды эмдөө бүгүндөн башталат.

Буга чейин вакцинанын биринчи дозасы 90 жаштан жогоркуларга берилген болчу.

Министр Кожа кечээ Илимий комитеттин жыйынында 65 жаштан жогорку курактагы жарандар эртеңден баштап эмделет деп жарыялаган.



Тектеш кабарлар