Түрк аба жолдору биринчилик ордун сактап калды

Эң көп учкан авиакомпаниянын THY экендиги билдирилди.

1580368
Түрк аба жолдору биринчилик ордун сактап калды

Түрк аба жолдору (THY) ушул айдын биринчи жумасында күнүнө орточо 588 каттам менен Европадагы биринчилик ордун сактап калды.

Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюмунун (EUROCONTROL) 1-7-февраль күндөрүнүн аралыгындагы учуу кыймылынын отчетуна караганда, THY күнүнө орточо 588 каттам менен европалык атаандаштарын бул жумада да ашып өттү. Air France болсо күнүнө 381 каттам менен экинчи орунду ээледи.

Отчетто 1-7-февраль күндөрү күн сайын 8 миң 752 рейстин аткарылгандыгы белгиленди.

Ушул мезгилде эң көп учкан авиакомпаниянын THY экендиги билдирилген отчетто, төртүнчү орунду ээлеген Pegasus компаниясынын болсо 262 каттам жүргүзгөндүгү маалымдалды. 



Тектеш кабарлар