Чавушоглу: «Мамлекеттин тартибин буза турган кадамдардан ар ким алыс болушу керек»

Мевлүт Чавушоглу Антальянын Алания районунда журналисттерге билдирүү жасады.

1578129
Чавушоглу: «Мамлекеттин тартибин буза турган кадамдардан ар ким алыс болушу керек»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу демократиянын жакшы нерсе экендигин, бирок башкалардын эркиндигин чектеп, мамлекеттин тартибин буза турган кадамдардан ар кимдин алыс болушу керектигин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Антальянын Алания районунда журналисттерге билдирүү жасады.

Билдирүүлөрүндө Стамбулдагы Босфор университетинин ректорун дайындоону шылтоо кылган митингдерге токтолгон Чавушоглу, митингдерде вандализмге басым жасаган, мамлекетке каршы чыккан топтордун да бар экендигин айтты.

Студенттердин демократиялык акцияларга катыша ала тургандыгын жана ар дайым өз билдирүүлөрүн эркин билдире ала тургандыгын айткан Чавушоглу, бирок бул жерде башкача өлчөмдүн бар экендигин айтты.

Чавушоглу: «Мурунку айрым демонстрациялардагыдай эле бул жерде студент болбогон вандализмди биринчи планга чыгарууга аракет кылган жана мамлекетке каршы чыккан топтордун катышкандыгын байкадык. Мындай абалда б.а демократиялык аракеттердин чегинен чыкканда, мамлекет коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүшү керек»,- деди.

Министр Чавушоглу: «Эркиндик, демократия жакшы нерсе, бирок башкалардын эркиндигин чектеп, мамлекеттин тартибин буза турган кадамдардан ар ким алыс болуш керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар