Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат
Бир сутканын ичинде 181 миң 323 тест жасалып, 1 миң 508 жаңы бейтап аныкталды.
1557267
![Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3ff5/92b9/a5ba/5ff186b4620c1.jpg?time=1719011581)
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 197 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 21 миң 685 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 181 миң 323 тест жасалып, 1 миң 508 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 13 миң 695 болду.
Ооруканадан айыгып чыккан 9 миң 896 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 146 миң 430га жогорулады.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719011581)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.