Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Бир сутканын ичинде 184 миң 415 тест жасалып, 2 миң 612 жаңы бейтап аныкталды.

1554897
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 254 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 20 миң 642 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 184 миң 415 тест жасалып, 2 миң 612 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 15 миң 692 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 20 миң 192 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 78 миң 629га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар