Түркияда ПКК террористтеринин саны азайды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу маалымат берди.

1554103
Түркияда ПКК террористтеринин саны азайды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Түркияда жикчил террордук уюм ПКК террористтеринин саны 320га жетпегенин айтты.

Сойлу бир жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө, ушул жылдын дүйнө жүзүнө таасирин тийгизген коронавирус пандемиясы, жер титирөө жана сел апааттары менен аяктап баратканын, Түркиянын бул кыйынчылыктардын бардыгына туруштук бергенин айтты.

Түркиянын бүгүнкү күндө терроризм менен күрөшүүдө болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү экендигин белгилеген Сойлу: «Жылына 5 миң 558 террористти кошкон ПККнын учурда Түркиядагы мүчөлөрүнүн саны 320га жетпейт»,- деди.

Түркиянын кибер коопсуздугунда да дүйнөдөгү эң дымактуу өлкөлөрдүн бири экенин баса белгилеген Сойлу, 15-июль (Фетуллахчы террордук уюмунун 2016-жылдагы) төңкөрүш аракетине чейин жылына 45 миң санариптик материал иликтенсе азыр бул сандын 350 миң деңгээлине келгенин айтты.



Тектеш кабарлар