Түрк аба жолдору ПЦР тести боюнча жаңы маалымат таратты

Бул тууралуу THYнун социалдык медиа эсептери тарабынан расмий билдирүү жарыяланды

1552600
Түрк аба жолдору ПЦР тести боюнча жаңы маалымат таратты

Түрк аба жолдору (THY), чет өлкөдөн Түркияга каттамдары боюнча ПЦР тесттин жыйынтыктарын көрсөтүү боюнча ишке ашыруусунун 30-декабрдан тарта баштала тургандыгын билдирди.

THYнун социалдык медиа эсептери тарабынан жасалган расмий билдирүүсүндө, чет өлкөдөн Түркияга келген рейстерде эң көп дегенде 72 саат мурдагысына чейин берилген  ПЦР тестинен негатив жыйынтык чыкканын көрсөтүү керектиги боюнча ишке ашыруунун 2 күн кийинкиге жылдырылгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө, ишке ашыруу 30-декабрдан тарта күчүндө болот деп айтылып, «ПЦР тестинин терс жыйынтыгын басма түрүндө же санарип чөйрөсүндө тапшырбаган жүргүнчүлөр рейске кабыл алынбайт. Алты жашка чейинки жүргүнчүлөр тесттин жыйынтыгын бериши керек эмес»,деген маалымат бөлүштү.



Тектеш кабарлар