Түркияда акыркы 24 саатта вирустан 259 киши көз жумду

Бир сутканын ичинде 202 миң 209 тест жасалып, 3 миң 192 жаңы бейтап аныкталды.

1550764
Түркияда акыркы 24 саатта вирустан 259 киши көз жумду

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 259 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 18 миң 861 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 202 миң 209 тест жасалып, 3 миң 192 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 19 миң 650 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 34 миң 492 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 1 миллион 901 миң 307ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар