ТРТга дагы бир сыйлык

Сыйлык ТРТнын башкы директору Ибрахим Эренге тапшырылды.

1547892
ТРТга дагы бир сыйлык

Түркиянын радиотелеберүү мекемеси (ТРТ), "Маданият жана искусствого салым сыйлыгы" менен сыйланды.

Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен Түркиянын Кино жана аудиовизуалдык маданият фонду (ТҮРСАК) быйыл 23-жолу уюштурган "Appointment Стамбул эл аралык фильм фестивалы" тарабынан берилген сыйлыкты, ТРТнын Башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен алды.

Ибрахим Эрен, Түркиянын коомдук радиотелеберүү мекемеси ТРТ катары маданият жана искусствого салым кошуу жаатында өзгөчө акыркы жылдарда бир топ жаңы долбоорлорду ишке ашыргандарын айтты.

 Эрен, ТРТнын секторго көрсөткөн колдоосуна да көңүл буруп: «ТРТ, телекөрсөтүү кинотасмалары, 12 Пунто сценарий күндөрү, ТРТ-2нин ачылышы менен ушул тармакка көрсөткөн колдообуздун негизинде секторго чоң салым кошууну максат кылуудабыз. Бул сыйлыкты ТҮРСАК сыяктуу 29 жылдан бери ушул тармакта кызмат кылган мекемеден алганыма кубанычтамын»,-деди.

Фестивалдын алкагында "Эл аралык дайындоо сыйлыгы" продюсер Тимур Савжыга, "Киного салым" сыйлыгы болсо Кадир Бейжиоглуна тапшырылды.

Фестивалдагы 30 тасманы жана берки иш-чараларды коронавирус пандемиясына байланыштуу Zoom жана "TÜRSAK Foundation YouTube каналы" аркылуу 3-декабрга чейин онлайн режиминде көрө аласыздар.



Тектеш кабарлар