Варанк: «4 вакцина талапкерибиз жаныбарларга сыноосун ийгиликтүү аяктады»

Түркияда коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан төрт вакцина талапкерлеринин жаныбарларга сыноосу ийгиликтүү аяктады.

1547197
Варанк: «4 вакцина талапкерибиз жаныбарларга сыноосун ийгиликтүү аяктады»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Түркиянын коронавируска (Ковид-19) каршы иштеп чыккан төрт вакцина талапкерлеринин жаныбарларга сыноосун ийгиликтүү аяктаганын билдирди.

Мустафа Варанк, видеоконференция ыкмасы менен катышкан "Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин (ТҮБИТАК) Covid-19 Түркия платформасынын Вакциналар жана дары-дармектер конференциясында» сөз сүйлөп, «Долбоор, прототип вакцинасы жана жаныбарларда изилдөө этаптарынан кийин 4 вакцина талапкерлерибиз жаныбарларга сыноолорун ийгиликтүү аяктады»,-деди.

Дүйнөдө иштелип жаткан ар кандай вакцина технологияларынын бардыгына жана ал тургай андан да жаңычыл методдору менен Ковид-19 Түркия платформасы тарабынан иштелип жатканын айткан Варанк: «Биздин экосистемадагы 13 вакцина талапкери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тизмесинде. Биз вакцина долбоорлорунун саны боюнча Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Кытайдан кийинки үчүнчү өлкөбүз. Түркия вакцина өндүрүү мүмкүнчүлүгүн өнүктүрдү. Текирдаг, Кожаэли жана Адыйамандагы үч компания 160 миллион доза вакцина чыгарууга жөндөмдүү. TÜBİTAK MAM (Мармара изилдөө борбору) генетикалык инженерия биотехнология институтунда вакцина жана дары борборун түзүү боюнча изилдөөлөрдү 1 жылда аяктоону максат кылабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар