Түркияда Ковид-19ду жуктургандарга караганда андан айыккандар дагы көп
Акыркы 24 саатта вирустан 243 киши көз жумду.
1547431
![Түркияда Ковид-19ду жуктургандарга караганда андан айыккандар дагы көп](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fa54/264b/a627/5fdb546517a8d.jpeg?time=1719018459)
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 243 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 17 миң 364 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 206 миң 102 тест жасалып, 4 миң 209 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 27 миң 515 болду.
Ооруканадан айыгып чыккан 30 миң 494 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 1 миллион 721 миң 607ге жогорулады.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719018460)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.