Атамекендик абадан коргонуу ракеталык тутуму «HISAR-A+» милдетин аткарууга даяр

Президент Режеп Таййип Эрдоган,«HİSAR-A+нын» акыркы кабыл алуу тестинин инвентаризацияга кирерден мурун ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн жарыялады

1546704
Атамекендик абадан коргонуу ракеталык тутуму «HISAR-A+» милдетин аткарууга даяр

Аскердик электроника өнөр жайы (ASELSAN) жана Ракета өнөр жайы жана соодасы акционердик коому (ROKETSAN) тарабынан өнүктүрүлгөн алгачкы улуттук жана атамекендик абадан коргонуу ракеталык тутуму «HİSAR-A+», инвентаризацияга кирерден мурун акыркы кабыл алуу сыноосунан өткөрүлдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Коргонуу өнөр жайы төрагалыгы менен макулдашылып ASELSAN жана ROKETSAN тарабынан иштелип чыккан биринчи улуттук жана жергиликтүү абадан коргонуу ракета системасы болгон «HİSAR-A+нын» акыркы кабыл алуу тестинин инвентаризацияга кирерден мурун ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн жарыялады.

Коргоо өнөр жайы төрагалыгынын Твиттер эсебинде жарыяланган видео билдирүүдө TÜBİTAK SAGE тарабынан иштелип чыккан дүрмөттү колдонуу менен атууда, жогорку ылдамдыктагы бута учагынын узак аралыкта ийгиликтүү атылгандыгы белгиленди.

Президенттик тарабынан бөлүшүлгөн видеотасмада HİSAR-A тарабынан атылган сыноолордун кадрлары дагы камтылып,«Эми «HİSAR A +» даяр. Ийгиликтүү болсун!»делди.

 



Тектеш кабарлар