СOVID-19: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 229 киши көз жумду.

1545445
СOVID-19: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 229 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 16 миң 646 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 204 миң 289 тест жасалып, 5 миң 64 бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 29 миң 617 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 28 миң 164 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 631 миң 944кө жогорулады.

Ошондой эле кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасаган президент Режеп Таййип Эрдоган, көчөгө чыгууга тыюу салуунун 31-декабрь (Түркия убактысы боюнча) саат 21:00дөн 4-январь саат 05:00гө чейин уланарын билдирди. 



Тектеш кабарлар