Түрк дарыгерлер Сирияда эки күндө 40 ийгиликтүү операция жасашты

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган «Эркин Сирия  1 -  хирургия күндөрү» программасынын негизинде Түркиядан тармагында адис бир группа дарыгер эки күндөгүнө Сириянын Чобанбей аймагына барды.

1544325
Түрк дарыгерлер Сирияда эки күндө 40 ийгиликтүү операция жасашты

Түрк дарыгерлер жардам үчүн барган Сирияда Евфрат калканы операциясы аймагында Түркия тарабынан курулган Чобанбей ооруканасында 2 күндө 40 бейтапка операция жасашты. Операция жасалгандардын  21 балдар.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган «Эркин Сирия  1 -  хирургия күндөрү» программасынын негизинде Түркиядан тармагында адис бир группа дарыгер эки күндөгүнө Сириянын Чобанбей аймагына барды.

Программада түрк дарыгерлери Түркияга бейтап жиберүүнү азайтуу, сириялык дарыгерлердин билим алуусуна колдоо көрсөтүү, операция жүргүзүлгөн аймактарда операция жана бейтаптардын дарылануу процессине салым кошуу үчүн Чобанбей ооруканасында сириялык дарыгерлер жана саламаттык сактоо кызматкерлери менен жолугушту.

Түрк дарыгерлери Чрбанбей ооруканасында жалпы хирургия, урология, нейрохирургия, гинекология, ортопедия, балдар хирургиясы, оториноларингология, офтальмология, пластикалык хирургия жана жаак - бет хирургия тармактарында 40 ийгиликтүү операция жасашты.

 



Тектеш кабарлар