ТИКАдан Сомалидеги дыйкандарга жардам берди

ТИКА Сомалинин Сомалиланд аймагында болгон селден жабыркаган  ондогон дыйканга каражат боюнча жардам берди.

1543544
ТИКАдан Сомалидеги дыйкандарга жардам берди

Түрк Кызматташуу жана Координация Агенттиги ТИКА Сомалинин Сомалиланд аймагында болгон селден жабыркаган  ондогон дыйканга каражат боюнча жардам берди.

ТИКАнын Сомали координаторунун орун басары Илхами Турус Эригабо шаарында каражаттарды таратуу аземинде сөз сүйлөп : «Түркиядан келген бул каражаттарды колдонуп дагы түшүмдүү өндүрүштү ишке ашыраарыңыздарга ишенем. ТИКА катары Сомалиланд калкынын жанында болууну улантабыз.

Буйруса алдыдагы жылдарда башка жана дагы чоң долбоорлор менен жаныңыздарда болобуз»,- деди.

Нөшөрлөгөн жамгыр  болгон Сомалиландда жамгырдан улам өзгөчө дарыя жээгинде сел көп болот.



Тектеш кабарлар