Жаңы элчилер дайындалды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу айрым элчилер менен телефон аркылуу байланышып, жаңы кызмат орундары тууралуу маалымат берди.

1541362
Жаңы элчилер дайындалды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркиянын Белграддагы элчиси болду.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу айрым элчилер менен телефон аркылуу байланышып, жаңы кызмат орундары тууралуу маалымат берди жана иштерине ийгилик каалады.

Буга караганда, Юнус Демирер Түркиянын (Словакия) Братиславадагы элчиси, Хатун Демирер Түркиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, Али Рыза Гүней Түркиянын (Ирак) Багдаддагы элчиси, Барыш Улусой Түркиянын (Ливан) Бейруттагы элчиси, Бурчин Гөненли Түркиянын Сингапурдагы элчиси, Тугай Тунжер Түркиянын (Бириккен Араб Эмираттары) Абу-Дабидеги элчиси, Зафер Атеш Түркиянын (Монголия) Улан-Батордогу элчиси, Волкан Ишыкчы Түркиянын (Камерун) Яундедеги элчиси болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катычы Хами Аксой да Түркиянын (Сербия) Белграддагы элчиси болду.



Тектеш кабарлар