Түрксат 5A декабрда, Түрксат 5Б болсо 2021-жылы учурулат

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу маалымат берди.

1530618
Түрксат 5A декабрда, Түрксат 5Б болсо 2021-жылы учурулат

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Түрксат 5A декабрда, Түрксат 5Б болсо 2021-жылдын биринчи жарымында учурула турганын билдирди.

Караисмаилоглу Транспорт жана инфраструктура министрлиги менен анын филиалдарынын 2021-жылдык бюджети талкууланган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) План жана бюджеттик комиссияндагы презентациясында 2002-жылы Түркияда башталган "жаңы транспорттук жана коммуникациялык доордун" жаңылануу, конверсия процесси менен уланып жатканын айтты.

Бул өзгөрүүнүн, транспорт жана коммуникация чөйрөлөрүндө бирдиктүү өнүгүүгө багытталган мобилдүүлүк, санариптештирүү жана логистиканын динамикасы менен калыптанган жаңы, эффективдүү жана дүйнөнү ушул аймакка интеграциялоону максат кылган дымактуу бир процесске ишарат кылгандыгын белгилеген Караисмаилоглу, ушул максатка багытталып долбоорлор менен өлкөнү алдыга жылдырууга умтулушарын айтты.

Министр Караисмаилоглу өз презентациясында Түрксат 5A декабрда, Түрксат 5Б болсо 2021-жылдын биринчи жарымында учурула турганын билдирди.



Тектеш кабарлар