Түркиядан Филиппинге көңүл айтылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги берген жазуу түрүндөгү билдирүүсү.
1530196
![Түркиядан Филиппинге көңүл айтылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8580/8765/f9fd/5fafe50d8da44.jpg?time=1719161985)
Түркия, тропикалык тайфундун кесепетинен болгон суу ташкыны жана жер көчкүдөн каза болгондор үчүн Филиппинге көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Филиппинде тропикалык Молаве, Гони жана Вамко тайфундарынан улам болгон суу ташкыны жана жер көчкү 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алып, чоң зыянга учураткандыгын жана борбор шаар Манила жайгашкан Лусон аралынын табигый кырсык болгон аймак деп жарыялангандыгын өкүнүү менен уктук»,делди.
Билдирүүдө, каза болгондордун туугандарына, Филиппин элине жана өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтып, жаракат алгандарга тезинен айыгуу тилеги айтылды.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719161985)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.