Түркия Борбордук Америкага көңүл айтты

«Эта» бороон-чапкыны Борбордук Америкага терс таасирин тийгизди.

1523413
Түркия Борбордук Америкага көңүл айтты

Түркия Борбордук Америкадагы «Эта» бороонунан каза тапкандарга байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн бөлүштү.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Борбордук Америка аймагына таасирин тийгизген «Эта» бороон-чапкынынын Гватемала, Гондурас, Панама, Коста-Рика, Никарагуа жана Белизде адамдардын өмүрүн алып, материалдык чыгымдарга себеп болушунун катуу капага салганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Биз дос аймак өлкөлөрү менен элдерине, каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар