Вице-президент Фуат Октай Измирдеги куткаруучу топторго ыраазычылык билдирди

Шаарда издөө-куткаруу иштери аяктады.

1521772
Вице-президент Фуат Октай Измирдеги куткаруучу топторго ыраазычылык билдирди

Вице-президент Фуат Октай Измирде издөө-куткаруу иштерин аяктаган топторго ыраазычылыгын билдирди.

Октай социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Кереметтин өзү Айда болду, Идил болду, Элиф болду. Алардын бардыгын кайрадан жашоого байланыштырган колдор сиздердин колуңуздар эле. Кажыбас кайраттуу эмгектери менен бир муштук болгон элибизге жакшы жаңылыктарды берген "жүрөктөрдүн каарманы" куткаруучу топторубузга чын дилден ырахмат айтам. Бар болгула!»,- деди.

Ички иштер министрлигинин Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) билдирүүсүнө караганда, Измирдин жээгинде 30-октябрда болгон 6,6 баллдык жер титирөөдөн кийин 114 адам каза тапты. Жер титирөөдө жаракат алган 898 адамдан 137си болсо дагы деле дарыланууда.

Шаарда издөө-куткаруу иштери аяктады.



Тектеш кабарлар