Террорго каршы күрөш уланып жатат

«Евфрат калканы» аймагына кол салууга аракет кылган террорист жок кылынды.

1508078
Террорго каршы күрөш уланып жатат

Сирияда «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кол салууга аракет кылган террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө бир жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылган командосторубуз «Евфрат калканы» аймагына кол салууга аракет кылган ПКК/ЙПГ мүчөсү бир террористи жок кылышты»,делди.

Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында чалгындоо каражаттарынын негизинде белгиленген жана кол салууга даярданганы аныкталган эки ПКК террористинин абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынгандыгы кабарланды. 



Тектеш кабарлар