Галата мунарасына Азербайжандын желеги чагылдырылды

Азербайжандын желегинин түстөрү менен жарыктандырылышына чөйрөдөгү жарандар да кызыгуу көрсөтүштү.

1499968
Галата мунарасына Азербайжандын желеги чагылдырылды

Түркия менен Азербайжандын биримдигинин жана ынтымагынын белгиси катары Стамбулдагы Галата мунарасына Азербайжандын желеги чагылдырылды.

Маданият жана туризм министрлиги тарабынан ишке ашырылган Галата мунарасынын Азербайжандын желегинин түстөрү менен жарыктандырылышына чөйрөдөгү жарандар да кызыгуу көрсөтүштү.

Кечээ Түркия убактысы боюнча саат 20.15те башталган иш-чара түн ортосуна чейин уланды.



Тектеш кабарлар