Коммуникация башкармалыгы Чыгыш Жер Ортолук деңиздин коопсуздугу боюнча конференфия өткөрдү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун,видеоконференциянын ачылыш сөзүн сүйлөдү.

1496725
Коммуникация башкармалыгы Чыгыш Жер Ортолук деңиздин коопсуздугу боюнча конференфия өткөрдү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын ар дайым дипломатияны жактай тургандыгын айтты.

Коммуникация башкармалыгы тарабынан Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги адилеттүүлүгү жана кызматташтык тууралуу көз карашы менен мунун эл аралык тутумунун таасирлери каралган «Эл аралык Чыгыш Жер Ортолук деңиз Конференциясы» өткөрүлдү.

Видеоконференциянын ачылыш сөзүн сүйлөгөн коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, кээ бир мурдагы колонизатор күчтөрдүн Чыгыш Жер Ортолук деңизин «жаңы империяларынын мекени» деп эсептешкенин белгилеп, «Башкалары, бул жерди кезектеги глобалдык чыр-чатактар жери» деп санаганын. Чыгыш Жер Ортолук деңиз, Түркия үчүн болсо Көгүлтүр мекенибиздин бир бөлүгүн түзүп турат»,-деди.

Акыркы айларда Түркия дүйнөгө абдан ачык билдирүү бергенин белгилеген Алтун: «Эл аралык укуктун биз тарапта экендигин билебиз.  Үнү бийик чыккандардын ар дайым эле туура боло бербестигин билебиз. Мына ошондуктан Түркия, Президентибиз улуу урматтуу Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде, ар дайым дипломатияны колдоп келди», деген сөздөрдү айтты.

Алтун президент Эрдогандын чечкиндүүлүгү жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Европа Биримдиги (ЕБ) Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин жардамы менен диалог жана дипломатия үчүн мейкиндик ачылганын айтты.

Греция менен чалгындоо сүйлөшүүлөрүн баштоо мүмкүнчүлүгүнөн кубанычта экендиктерин билдирген Алтун, дипломатия ар дайым туура жол экендигин белгилеп, «Алдыдагы мезгилде биз Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууну азайтып, акыйкат жана туруктуу чечимдин күчүн сакташыбыз керек. Бул күчтү жогорулатуу үчүн биздин кийинки кадамыбыз Кипр түрктөрүнүн катышуусунда регионалдык конференцияны өткөрүү болуш керек. Жеңиштүү чечимдерди чыгаруу жана аймактын байлыктарынын тынчтыкка кызмат кылуусу үчүн бул жалгыз жол»,-деп айтты.

Алтун, чыңалуу азайып, аймак тынчтык жана туруктуулук бассейнине айланат деп үмүттөнө тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар